Дүйнө жүзү адамдардын турмуш-тиричилиги, анын ыргагы, калыбына байланыштуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Биз күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланган эрежелер топтомун сактоо талаптарына офлайнда да, онлайнда да туш болуп жатабыз. Ютуберлер, блогерлер, тик-токерлер колду кантип жууш керек, жада калса мыкты кантип кагыш деген сыяктуу суроолорго жооп берген миңдеген видео-сабактарды тартып, жалпыга тартуулап жатышат. Пандемия маалында көптөгөн эрежелер жазылды, аларда визуалдык искусство негизги ролду ойноду. Дизайнерлер адам баласы өзүн коомдо кантип алып жүрүш керектигин түшүндүрүп, чечмелеп берген графикаларды, сүрөттөрдү жаратып жатышат. Алардын баары «аралыкты сактоого», обочолонууга же коменданттык саатты сактоого чакырат — эми булар биздин айланабыздагы жаңы эрежелерди айрымдары гана. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча пандемия жакында бүтпөйт.
Коомдук жайлардын ичи бөлүштүрүлүп, ар бир кишиге радиусу 1,5 метрди түзгөн мейкиндик түзүлүп берилет. Бир жыл пандемиядан кийин, жер бетине чектерди түшүрүү маанисиз болуп калгандай көрүлөт. Мейкиндикти бөлүштүрүү, аралыкты сактоо кыйла өздөштүрүлдү.
Кыймыл-аракетке түртүүгө негизделген искусство XX кылымдын 20-жылдарында пайда болгон. Марсель Дюшан реди-мейддерди жасоо боюнча инструкцияларды жазган, Ласло Мохоли-Надь өзүнүн иштерин жасоо боюнча графикалык дизайнерлерген инструкцияларды берген, Йоко Оно көркөм өнөр чыгармаларын жана тирүү чыгармаларды жаратуу боюнча инструкцияларды жазган. Ганс Ульрих Обристтин «Муну кыл» арт-долбоорунун алкагында 27 жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү көптөгөн сүрөтчүлөр инструкцияларды түзүп, аларды музей мейкиндиктеринде өздөштүрүшкөн.
Сүрөтчүлөр онлайн-мейкиндикке кирип, интернетте текст, фото, графика жана башка түрлөрдөгү жөнгө салынбаган көргөзмөгө катышуу сунушталат. Көркөм инструкциялар/сценарийлер ар бир окурман/көрөрман/мейман тарабынан күтүлбөгөн жерден ишке ашырылышы мүмкүн. Сүрөтчүлөр өз иштерин көрөрмандарга алардын өзүнүн аң-сезиминде чечмелеп, же колундагы мүмкүнчүлүктөргө жараша көркөм чыгармаларды ишке ашыруу аркылуу интерпретациялоого мүмкүндүк беришет. Мында чыгарманы ишке ашыруунун үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу жана көрөрмандын жайгашкан жерин, анда тийиштүү материалдар бар-жогун эске алуу менен интерпретациялардын көп түрдүүлүк атмосферасы жаралат. Чыгармалар көрөрмандын өзүнүн уникалдык, кайталанбас форматында жаратылышы же жөн гана текст/аудио/видео чыгарма катары калышы да мүмкүн.
Cүрөттөр: Шарлотте Дитрих, Яна Рапп, Нэлля Джаманбаева
Долбоору: Нэлля Джаманбаева (Capacity Building Foundation), Флориан Коппенрат жана Шарлотте Дитрих (Novastan.org)

Веб-дизайн: Errata Designs

Кыргыз тилине которуу: Элнур Келгенбай
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website