Марат Райымкулов
Заманбап искусство музейи
"Заманбап искусство музейи, Экибастуз шаары. Ачык".
Чындыгын айтканда, Орто Азия чөлкөмүндө заманбап искусство музейлери кыйла тартыш. Албетте мунун жакшы жагы да бар дечи, сүрөтчүлөр ар дайым партизандардай болуп, чабуул кылганга даяр болуп жүрүшөт. Эгер мындай музейлер пайда боло турган болсо, анда алар бирөөгө көз каранды мейкиндиктердей болуп калат болуш керек, ошондо биз азыр заманбап искусство деп билген көркөм өнөрдөн эч нерсе калбайт. А бирок, жумуштан кийин чыгып, кеч курун же дем алыш күндөрү бир жерге барып, чер жазып, өзүмдө, айлана-чөйрөмдө кызыктуу эмнелер болуп жатканы жөнүндө ой толгоп, баарлашып, пикирдештерди таап, көз жоосун алган укмуштарга суктангың келет да! Бул кырдаалдан чыгуунун бир жолу сунушалат — өзүбүз ушундай музейди түзүп, шаардын бир же бир нече жеринде аны жайгаштыралы. Кечкисин, дем алыш күндөрү ошол жерге чейин сейилдеп, басып баралы.

Музей түзүү үчүн төмөнкүлөр керек: кагаз, фломастер, стандарттык ширеңке кутусу, суперклей. Аны кураштыруу жолу: Ширеңке кутусун бошотуп, кутунун бетин ак кагаз жабыштырып туруп, жазууларын жаап салып, үстүнө «Заманбап искусство музейи» деп жазып коюш керек. Ошол музей орнотула турган жерге барыш керек. Кутуну арткы бети менен дубалга, үстөлгө, бакка, же башка бир жакка суперклейдин жардамы менен жабыштырыш керек. Кутунун ичине каалооңузга жараша бир объект, фотокарточка, кат, жана башкаларды калтырып кетсе болот. Мезгил-мезгили менен бул жерге баш багып, музей ачылганы жөнүндө маалыматты (көңүлгө жараша) бөлүшүп туруу керек.
Медер Ахметов
Workshop yourself
Алманын калдыгы: 1, 2, 3, 4
Кайталоо
Кантип картөшкөнүн деңгээлинде архитектураны кылса болот – мен мындай семинар форматынын үстүндө көптөн бери иштеп жатам жана муну өз алдынча аткаруу боюнча ар бир баскычын көрсөткөн инструкцияларды сунуштайм. Азыр менин колумда иштин долбоору гана бар, анын үстүндө дагы иштеш керек, бирок негизги ой-пикир - “өзүң кылып ал” архитектурасы боюнча инструкциялар сыяктуу көрүнө турган бир нерсени жаратуу. Картөшкөнү кескилеп туруп, кесиндилерди тиш чукугучтун жардамы менен бириктирүү аркылуу сиз дагы кайсы жерде архитектуралык моделдерди түзө аласыз? – демократиялык материал кесипкөй архитекторлор тарабынан ырасталган таң калтырарлык натыйжаларды бере алат. Бул ыкма израилдик архитектура мектебинде. Алматыда жана башка жерлерде колдонулган.
Равшан Та Джинг
Ашканадан сүртүмдөр
Бүткүл дүйнөдө элдин дээрлик баары бири-биринен обочолонуп жашап баштаганы, үй ичиндеги буюм-тайымдарда мурда көзгө илинбеген сюжеттерди байкап, жаңы маанилерди таап ачып, аларга жаңыча кароого дуушар кылууда. Бул чыгарма социалдык-экономикалык каатчылык, жалпы ааламдашуу, санариптешүү алкагында бизди өзүңдү таанып билүү, же идентификациялоо маселесине алып келип, ошондой эле келечекте өзгөрүүлөрдүн алдында автордун жеке коркунучтарын сүрөттөп берет.
Джозефина Флоренс
Коронавирустук тыныгуу
Covid 19 элдин баарын чээндерине киргизе качырды. Эми бизди керебеттер, отургучтар кызыктырат, мобилдик телефондор, ноутбуктар бизди өзүнө тартат, биз бир гана ушундай жол менен баарлашып, дүйнө менен байланышта боло алабыз.
Сауле Дюссенбина
Chirologia
(Колдордун табигый тили)
Z Mendico - Өтүнөм
F Indignor - Ачуум келип жатат
A Munero - Белек кылып берем
G Confido - Үмүттөнөм
Y Furacitatem noto - Колу туткак экенин көрсөтүп жатам
S Affevero – Оюмду билдирем
Chirologia (же колдордун табигый тили)
6 сүрөттөн турган серия

Акыркы күндөрү коомдук дааратканаларга кирип жатканда, “Кол жуу схемалары” дароо көзгө урунат. Мен таң калып, колумду эч качан туура жуубаганымды түшүндүм. “Схемадан” тышкары, мени бул схемалардын сүрөттөрү абдан кызыктырды. Айрым нускамаларда сүрөттөр текстке дал келбей калган. Мен XVII кылымда жашаган англиялык дарыгер Джон Бульвердин колдорунун сүрөтүн көргөнүмдү эстедим. Анын Chirologia деп аталган илимий иши колдордун сүрөттөрү жана кол шилтөөлөрдүн түшүндүрмөлөрү келтирилген жыйнак түрүндө жазылган. Бульвер үчүн кол шилтөө Акыл-эстин универсалдык персонажы, “убактылуу иероглифи” болгон. Кол «бардык тилдерде сүйлөйт, Акыл-эстин универсалдык мүнөзү катары, аны түркүн-түркүн тилде сүйлөгөн, Тилдери менен формалдуу түрдө айырмаланган Улуттардын баары түшүнөт жана билет. Кол шилтөө адам үчүн жаратылыштан берилген жалгыз табигый баарлашуу ыкмасы болгону үчүн, аны адамзаттын жалпы тили деп атоо жаңылыштык болбойт, бул тилди дүйнө жүзүнүн бардык чөлкөмдөрүндө байырлаган бардык адамдар эч үйрөнбөстөн, бир көргөндө эле оңой түшүнүшөт». Мен Бульвердин сүрөттөрүн кайрадан тартып, кол шилтөөнүн түшүндүрмөсүн сактадым да, жеке гигиена каражаттарын жана нускаманын логикасын коштум. Бардык жерде түшүнүктүү болгон кол шилтөө тилин билгениңде - кол жууганың бир топ жагымдуу болот экен!!!
Интизор Отаниёзова
Түйшүктөрдөн кантип арылыш керек?
Түйшүктөрдөн кантип арылыш керек?

1. Азыркы учурда жашооңуздагы эң оор түйшүк жөнүндө ойлонуңуз.
2. Аны элестетип, ар тараптан, асты-үстүнөн карап чыгыңыз. Анын маңызын баамдап, бир сөз менен чагылдырып берүүгө аракет кылыңыз.
3. Бул түйшүктү түшүндүргөн сөздү кагаз бетине жазыңыз/сайма кылып сайыңыз/кесип алыңыз. Эң башкысы аягында санарип эмес, физикалык объектини алыш керек.
4. Бул объектини акылыңызга келген каалаган ыкма менен жок кылыңыз. Эгер зарыл деп ойлосоңуз, жыйынтыкты #problemsolving хэштеги менен интернетке чыгарыңыз.
Турмуш деген алдыңа тизилип алган түйшүктөрдүн кезеги. Кээде алар башыңа капыстан түшкөн түмөн түйшүктөй үйүлүп калат, кээде татаалдыгына жараша биринин артынан бири болуп, катары менен чыгып келе берет. Аларды чечүүнү бир аз убакытка токтотуп, кичине тыныгып алайын дегенде, биз жакшы көргөн иштерибизди эрмек кылып жасап, жакын адамдарыбызга кулак салып, көңүл бөлүп, а түгүл өзүбүздүн эң мыкты түрүнө айланып да калабыз. Андан кийин кайра эле баягы түйшүктөр чыга калат. Системанын иш тартиби ушундай, аны өзгөртүү мүмкүн эмес, балким аны өзгөртүүнүн кажети деле жок болсо керек. Бирок, ар бир кишинин абдан жакшы көргөн, улам-улам кетирген бир “катасы” бар — бул маселеси эч качан аягына чейин чечилбейт, ал бир туруп чечилейин деп калгансыйт да, кайра эле мурдагы кейпине кайтып келет. БИРОК! Эми түшүнүктүү алгоритм пайда болду, төмөндө анын инструкциясы келтирилет. Чындыгында бул маселе эч качан чечилбейт болуш керек, бирок эптеп, анын бир айласын таап, сөзсүз түрдө аны чечип көрүүгө аракет кылыш керек.
Катя Кан
Катастрофалар
Триптих-чыгармасы
Бул окуя Итон шаарында окуп, 2020-жылды изоляцияда өткөргөн чыныгы кара куурай сатарманы жөнүндө. Кабыландын башы менен сүрөткө түшүрүлгөн бул каарман өзүнүн ваннасында кем дегенде 5 саат отуруп, америкалык тофолог Эбби Ричардс жазган кутумдар жөнүндө постторду окуп жатты. Чыгарманын атмосферасына кийлигишпөө эпикуреизми жана глэм-рок декадансы терең сиңген. Сүрөтчүнүн өз аватарында коён коюлуп, ал алдыбызга бул дегенеративдик туюк жалкоолуктун байкоочусу катары да, катышуучусу катары да келип чыгат.
Мухиддин Рискиев
Трансценденталдык медитация
Медитация бир гана диний тажрыйба же философиялык көнүгүү эмес, чыгармачыл кыймыл-аракет да болушу мүмкүн. Медитацияны отуруп алып, же туруп алып, а түгүл кыймылдап жатканда да аткарса болот. Текстти бир жолу окуп койгон жетиштүү, ошондо ал ар бир кишинин сезимталдыгын ар бир киши үчүн белгиленген индивидуалдык багытка карай багыттап берет. Адам окуп алганын физиологиялык ырааттуулук деңгээлинде эстеп калып, өзүнүн психикасын жөнгө салуу үчүн аспапка ээ болот. Ал бул аспапты колдонуп, өз аң-сезиминин чегин кеңейте алат, бул да башаламандыкты жеңип чыгууга же өзүңдүн бул дүйнөдө түбөлүккө кала албасыңды түшүнүүгө жардам берет.
Окула турган текст
(инструкция)
Дүйнө акылдан тайган жок дүйнө бир жакка тоголонуп адашкан жок дүйнө дайыма өзгөрүп турат анын жолун алдын ала билүү мүмкүн эмес сен дүйнө жөнүндө ойлогонуң да дүйнө эмес сен ойлой элек нерсе да дүйнө эмес дүйнө деген биле ала турган нерсе эмес дүйнө деген сезилет дүйнө дегенде ой жүгүртөсүң, бирок анын пайдасы жок, дүйнөдө пайда жок. пайда деген биз ой жүгүртө алган санаабыз дүйнө деген талаа эмес, мейкиндик эмес, убакыт менен мейкиндиктин түбүнө жеткис, чексиз ааламы эмес. дүйнө деген биз нервдерибиз менен сезе турган бөлүктөр дүйнө деген нервдерибиздин чексиз тармактарынын туюк көчөлөрү
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто
көңүлүңдү тегиздиктердин бетине топто ....
Анатолий Цыбух
Escape — Качуу
Графика сериясы
Escape — Качуу. Инструкциялардан качып кутула албайсың. Курч абалда туура кыймыл-аракеттин эң көрүнүктүү мисалын чагылдырып көрсөтүү ыкмасы катары алар өндүрүштө, турмуш-тиричиликте, техниканы өздөштүрүүдө жана башка тармактарда коопсуздук техникасын сактоодо абдан актуалдуу болушу мүмкүн. Бирок, муну менен катар биз азыр deepfake, хакердик чабуулдар, фишинг жана кырылгыс спамдын дооруна кирип, анда жашап жатабыз. «Таштанды» жалган маалыматтардан тышкары, биз «пайдалуу» жана «пайдасыз» сыпаттардын чегинде турган кош мүнөз өндүрүмдү — мисалы, блокчейн же жасалма интеллект сыяктуу жыйынтыгы эмне болору белгисиз жаңы технологияларды керектеп жатабыз.

Чындыкты жалгандан, жарым чындыкты жарым жалгандан, илимий гипотезаны космологиялык нарративден, реалдуулукту матрицадан, талашсыздыкты түш көрүүдөн бөлүп, айырмалай билүү уламдан улам татаал, кымбат болуп бара жатат. Убакыт жана мейкиндик ресурстары кысылып, түгөнүп бара жатат. Бирок маалымат технологиялары өнүгүп жатат - жооптор көп, өтө көп. Жооптор ушунчалык көп болуп, ашып-ташып жаткан чөйрөдө биз эми азыр суроо жаратып, узатып бере алабызбы? Массалык маалымат каражаттары каатчылыкка кептелип, өз кызыкчылыгын гана көздөгөн чакан топтор маалыматты менчиктеп алып, узурпациялаган агымда инструкциялар өз ишин токтотот, анткени алардын саны жана багыттары өтө эле көп. Анын ичинде бул багыттардын арасында бири бирине карама-каршы болгондору да бар. Биз ар кандай кубулуштардын — күнүмдүк тирилик, криминал, саясат, жада калса планетардык кризис жана табигый апаат масштабындагы окуялардын себептери жана натыйжалары жөнүндө эсепсиз көп сандагы маалыматты алып жатабыз, инструкциялар көбөйгөндөн көбөйүп, бири бирине карама-каршы келип жатат. Маалыматты колунда кармаган монополисттер, маалыматты алып жүрүүчүлөр маданий түрдө технологиялык чектөөнү киргизүүгө кызыкдар болуп жатканын көрүп жатабыз. Монополисттер абалдын чоожайын түшүндүрүп берүүгө кызыкдар эмес. Биз, катардагы керектөөчүлөр, айтылып бүткүс инструкциялардын агымына сугарылып жатабыз, андыктан бул абал бизди каатчылыктын чегине жеткирип, багыттын онтологиялык жоголуп кетишине алып келүүдө… Элдин баары адашып кеткен. Балким дал ушул элдин баарынын адашып кетиши жаңы үмүт дүйнөсүндө эсепти жаңыдан баштоонун чыныгы башаты боло алаттыр… АЦ © 20210527
Дарина Манасбек
Капиталисттик дүйнөдө бактылуу жашоонун 10 эрежеси
Сүрөттөрдүн сериясы
1. Чындыктын көзүнө тике кара.
2. Каалоо мүмкүнчлүктөрдөн ар дайым күчтүү болот.
3. Чабандес кыздар азыр мода болуп калган.
4. Ар дайым өз позицияң керек.
5. Ордуңда турба, кыймылда.
6. Кемчиликтерди өзгөчөлүккө айландыр.
7. Бардыгында оң маанайды тап.
8. Эң башкысы башташ керек.
9. Эч качан моюн сунба.
10. Эч ким оңой болот деп айткан эмес.
11. Искусстводон качып кутула албайсың.
«Капиталисттик дүйнөдө бактылуу жашоонун 10 эрежеси» сериясы карантин маалында менин тегерегимде пайда болгон эрежелердин баарына жооп катары жаралган. Өмүрүмдүн чоң бөлүгү интернетте болчу. Бул «уникалдык эрежелер» улам-улам көз алдыма чыгып жатты. «Мен адам катары жаш болбой калганыма нечен убакыт өттү, мага ишенип коюңуз, бул турмушта мен далай нерсени башыман өткөрдүм, ошондуктан эми ушул 10 эрежени сиздер менен бөлүшө алам!!! Өз башыман өттү!!! Кайсы бир эреже чындыгында эле сиздин керегиңизге жарап, сиз бир саамга болсо дагы бактылуураак боло калсаңыз, мен абдан кубанам!!! Ыраазычылык айтуу керек эмес, менден сиз үчүн атайын дагы +1 бонус (11-эреже) Жакында карантин бүтөт, ошондо сиз бул уникалдык эрежелерди-кеңештерди толугу менен колдоно аласыз!!! Бул жөнүндө досторуңузга айтып бериңиз, ар бир таанышыңыз бактылуу боло алсын!!! Сиздерге урматым менен, Дарина»
Мунара Абдукахарова
Абаны консервациялоо
Менин көркөм инструкциям жай мезгилинде кышкы камылганы көрүп жаткан бардык бишкектиктерге арналат - таза абаны консервациялап алууга чакырам. Дем алыш күндөрү, эмгек өргүүгө чыккан кезде жайлоолорго, тоо-таштарга, Ысык-Көлгө барганда капкагы бар айнек банкаларды ала кетип, алардын ичине аба толтуруп, оозун бекем жаап коюңуз. Абадан тышкары банкаларга жалбырактарды, таштарды, чыбыктарды, бир ууч топуракты да салып койсоңуз болот. Ар кимге ар башка жердин абасы жаккандыктан, ар жердин абасын банкага куюп алууну кеңеш кылам. Бийик тоолуу Ала-Арчанын абасы кышкысын суук тийип калганда абдан жардам берет деп айтышат, ошондуктан бир банка малинаны ачып жегендин ордуна, андан көрө Ала-Арчанын абасы куюлган банканы ачыңыз да, ошону терең-терең дем алып алыңыз. Былтыр кышында Бишкекти калың ыш басып калганда биз терезелерди ача албай, батирдин ичиндеги аба жумалап алмашпай калган, ошондо биз бир күнү кечинде үй-бүлөбүз менен чогулуп, Кегетинин абасы куюлган банканы ачтык. Банкадагы Кегетинин абасын терең дем алып алып, бир аз күчтөнүп, өпкөбүз ачылып калды. Банкаларга абаны толтуруп жатканда, капкагына консервация жасалган күнүн жана жерин жазып коюу туура болот, мындай консервацияны караңгы салкын жерде сакташ керек. Абаны консервациялоо үчүн пластик банкалар жарабайт. Быйыл биз Эмен багында жазгы абаны консервациялап көрөлү дедик. Кышкысын кызым менен Эмен багында сейилдеп жүргөндү абдан сагынабыз, келе жаткан кышта, биз ошол бакта сейилдеп жүргөнгө кайра куса болуп жүргөндө биз Эмен багынын абасы куюлган банканы алып чыгабыз дагы, кандай гана сонун убакыт өткөнүн эстеп, жаздын келишин чыдамсыздык менен күтөбүз.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website